<?xml version="1.0" encoding="UTF-8"?><song><lyrics>[V1]
 Сен күнүм, акыйкат Сенин жолуң
 Сүйүү жана ырайымдан аян колуң
 Түгөнбөс, теңдешсиз чексиз кудуретиң
 Түбөлүк өмүрдөн турат касиетиң

[V2]
 Сөздөрүң дилимге төгүлгөн канча
 Мен Сенин күчүңдөн жаралган гүлчө
 Байлыгым, бардагым Сенин жолуңда
 Сага тең урматым өмүр боюнча

[V3]
 Асмандан нуруң түштү кадамыма
 Жол ачып караңгы өмүр багыма
 Эй Алла, алкышым ашты асмандан
 Себеби олтурдуң өмүр тагыма</lyrics>
<title>Сен күнүм, акыйкат Сенин жолуң</title>
</song>